3&Բ;апреля&Բ;2025
БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору баарыңыздарды жаздын эң бүйүр кызыткан окуясына чакырат - Кара-Жыгач токойчосунда бак тигүүгө!
Сиздер отургузган бак-дарактар климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө, “шаардык жылуулук аралчасы” эффектисин төмөндөтүүгө, жердин эрозиясын токтотууга жана курчап турган айлана-чөйрөгө жакшы таасир этүүгө көмөктөшөт. Бул сиздин Бишкекте көбөйүп жаткан бактарды кыйуулардын учурунда шаарды жашылдандырууга салым кошуу гана эмес, ошондой эле Борбордук Азиядагы эң ири жана илгерки токойду калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүңүз!
Датасы: 12-апрель 2025-жыл
Убактысы: 9:30 (Жыйналыш БААУнун аймагында)
Катышуучулар зарыл болгон бардык жабдуулар, анын ичинде тамак-аш, суу жана транспорт менен камсыздалат. Ал эми өз алдынча барууну каалагандар үчүн дарек: Кара-Жыгач токойчосу.
Сиз биз мененсизби? Анда бул ШИЛТЕМЕ аркылуу катталыңыз.
Эгер сизде суроо жаралса же кошумча маалымат алууну кааласаңыз, анда төмөнкү электрондук дарек аркылуу кайрылыңыз: elemanova_t@auca.kg.
Долбоор жөнүндө: БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору апрель жана октябрь айларында “Жашыл ай” демилгесинин алкагында Кара-Жыгач токойчосунда бак отургузуу боюнча акция өткөрүп келет. Бул биргелешкен долбоор токойчонун экосистемасын калыбына келтирүүгө багытталып, демилге башталгандан бери жалпысынан 10 миңден ашуун бак-дарактар тигилди. Бак тигүү Бишкек шаарынын мэриясы, БААУ жана Француз-Кыргыз Экотуризм ассоциациясынын өз-ара кызматташтыгы менен ишке ашырылып жаткан ири долбоордун бир бөлүгү. Башкы максат - Кара-Жыгач токойчосун калыбына келтирүү. Белгилей кетсек, аталган токойчо шаардын эң эски жасалма жашыл массиви болуп саналат жана 1990-жылдары мыйзамсыз бак кыйуулар учурунда жапа чегип калган. Ошол мезгилде бак-дарактар дээрлдик эки эсеге кыскарып кеткен. Мындай тынымсыз биргелешкен иш-аракеттер Бишкектин шаардык токойлорун сактоо жана аларды келечек муундар үчүн туруктуу бекем өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.