ĢƵ

OSUN программасы: Борбордук Европа университетинин китепканасында кесиптик тажрыйба

OSUN программасы: Борбордук Европа университетинин китепканасында кесиптик тажрыйба

1&Բ;апреля&Բ;2025

2025-жылдын 17-21-мартында БААУнун китепканачысы Мадина Керимова OSUN программасы аркылуу, Вена шаарындагы Борбордук Европа университетинин китепканасында кесиптик тажрыйба алмашууда болду.

“OSUN тажрыйба алмашуу программасы мага Вена шаарындагы Борбордук Европа университетинин китепканасынын иши менен таанышууга мүмкүндүк берди. Мен санариптик ресурстарды башкаруудагы эң мыкты тажрыйбаларды жана Австриянын ачык жеткиликтүүлүк модели менен кеңири тааныштым.

Ошондой эле, атактуу Заха Хадиддин архитектуралык шедеври болгон Вена Экономика жана Бизнес университетинин футуристтик китепканасына болгон сапарым мени өзгөчө таасирлентти.

Мен өз кезегинде студенттерди жана мугалимдерди колдоо боюнча БААУ китепканасынын тажрыйбасы менен бөлүшүп, БААУдагы жана Кыргызстандагы Ачык жеткиликтүүлүк демилгелери тууралуу бөлүштүм.

Бул программа биргелешкен долбоорлор, вебинарлар жана ресурстарды бөлүшүү аркылуу Борбордук Европа университетинин китепканасы менен узак мөөнөттүү кызматташуунун башталышы болот деп терең ишенем. OSUN программасына, Борбордук Европа университетинин китепканасынын директоруна жана бардык жамаа билдирем”.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028