24&Բ;марта&Բ;2025
БААУда 13-14-мартта китепкана фонддорун консервациялоо жана реставрациялоо боюнча семинар өткөн. Биз буга чейин кабарлагандай, аны БААУнун китепканасы уюштуруп, өз билимдери жана тажрыйбасы менен Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасынын консервациялоо, реставрациялоо жана мукабалоо кызматынын кызматкерлери бөлүштү.
Семинардын ишине өлкөбүздүн бир катар китепканаларынын кызматкерлери катышты: Улуттук илимдер академиясынын архив жана китепканасынын кызматкерлери, КРнын Улуттук илимдер акдемиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы адабият институтунун кол жазмалар фондунун кызматкерлери, КРнын Улуттук китепканасынын жана Чүй облустук китепканасынын кызматкерлери.
Белгилеп кетчү нерсе, Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасынын консервациялоо, реставрациялоо жана мукабалоо кызматы китепканалар ассоциациясынын Эл аралык федерациясынын (IFLA/PAC) консервациялоо жана реставрациялоо боюнча аймактык борбору болуп эсептелет. Кызмат ар кайсы мезгилдерге таандык документтер менен китептерди, ошондой эле сейрек фонддорду сактоо боюнча чоң тажрыйбага ээ. Кызматтын түзүмүндө жазма документтерди консервациялоо жана реставрациялоо боюнча мектеп бар. Кызматтын жетекчиси Аида Шоманованын айтымында, мектепте окуу курсу 2 аптага созулуп, анын аягында угуучуларга сертификаттар берилет. Орун алган семинар - бул документтерди сактоо жана калыбына келтирүүнүн үстүндө иштөө үчүн баштапкы ыкмалар.
Семинардын программасы жетишерлик деңгээлде каныккан болуп, өзүнө реалдуу мисалдары бар теоретикалык сабактарды жана андан аркы практиканы камтыды.
Семинардын биринчи күнүндө Аида Муратовна сактоо шарттары китептер менен документтердин сакталышына кандай таасир этерине, сактоо жайларында температуралык-нымдуулук режимди көзөмөлдөө үчүн кандай аспаптар колдонуларына токтолду. Андан соң документтердин эскирүү жана урунуу себептери айтылып, аларга кандай чара көрүү экендиги тууралуу маалымат берилди. Күн документтерди калыбына келтирүү үчүн желим жасоо боюнча практикалык сабак менен жыйынтыкталды.
Кийинки күн көбүн эсе практикалык сабактарга арналды. Семинардын катышуучулары документ реставрацияга кантип даярдалары, стабилизациялык жумуштар кандай тартипте ишке ашырылары, реставратордун иштөө принциптери тууралуу билишти. Өзгөчө көңүл сейрек фонддордун китептери менен кол жазмаларын реставрациялоонун өзгөчөлүктөрүнө бөлүндү.
Практикалык иш үчүн БААУнун китепкана фондунан китептер тандалыып алынды. Казакстан Республикасынын Улуттук китепканасынын консервациялоо, реставрациялоо жана мукабалоо кызматынын илимий лабораториясынын консерватору (биолог) Мадина Нурмат, реставратору Мадина Биболова жана реставратору Гульнара Узынжасова китептерди реставрациялоо боюнча мисалдарды көрсөтүп беришти: скотчту жоготуу, мукабаны бекемдөө, айрылган беттерди калыбына келтирүү. Практикалык сабактарда семинардын катышуучулары китеп блокторун дептер ыкмасы менен чогултууну жана китептер үчүн мукабаларды жасоону үйрөнүштү.
Семинар учурунда анын катышуучулары үчүн БААУнун кампусу жана Мейкерспейси боюнча экскурсия уюуштурулду. Ошондой эле катышуучулар инженердик цехте да болушуп, анын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Мындан тышкары Казакстандан келген коноктор “Экологиялык туруктуулук жана климатология” факультетинин лабораториясына баш багышты жана факультеттин жетекчиси Чолпонбек Ормуков менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Семинардын аягында анын катышуучуларына “Китеп фонддорун консервациялоо жана реставрациялоо негиздери” курсун өткөндүгү тууралуу сертификаттар тапшырылды.